Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушуп, көйгөйлөрүн укту

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин эл менен жолугушуусу Баткен областына караштуу Кызыл-Кыя шаарында уланууда.

Жыйындын максаты, жергиликтүү калктын укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан көйгөйлөрүн угуу жана аларды ыкчам чечүүгө багытталган. Жыйында, жарандардын укуктарынын бузулушу, тергөө аракеттериндеги мүчүлүштүктөр, коомчулукта орун алган мыйзамсыздыктар, резонанстуу окуялар тууралуу айтылып, арыз-кайрылуулар кабыл алынды. 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз сөзүндө, жарандардын ар бир кайрылуусу мыйзамдуу каралаарын, эч бири текшерүүсүз, жоопсуз калбастыгын баса белгилеп, прокуратура органдары мыйзамдуулукту орнотуу аракетинде экендигин билдирди. 

Жыйынга 500дөн ашуун шаардыктар катышууда.