Тергөөчүлөр жана прокурорлор экономикалык кылмыштарды финансылык иликтөө боюнча тренингге катышты
2022-жылдын 13-14-октябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо Борбору жана Европа Кеңеши тарабынан “2020-2023-жылдарга карата Борбордук Азиядагы укук үстөмдүүүлүгү” Программасынын алкагында прокуратура органдарынын прокурордук-тергөө кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү үчүн "Экономикалык кылмыштарды финансылык иликтөө" темасында тренинг уюштурулду.
Эки күндүк тренингдин жүрүшүндө катышуучулар каржылык иликтөөлөрдөгү чалгындоо маалыматтарынын ролун, каржылык иликтөөнүн булактарын жана натыйжаларын, параллелдүү иликтөөлөрдү, тергөө стратегиясын түзүүнү, каржылык иликтөө стратегиясынын элементтерин, экономикалык кылмыштарга байланыштуу иштер боюнча ведомстволор аралык жана эл аралык кызматташтыкты изилдеп чыгышты.
Бул тренингге аймактык прокуратуралардын тергөө жана изин суутпай издөө ишин көзөмөлдөгөн прокурорлор жана тергөөчүлөр катышты.
Тренинг аяктагандан кийин катышуучуларга сертификаттар берилди.