Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргыз Республикасындагы “Бизнес жана адам укуктары" (B+HR) Глобалдык долбоорунун ишке киргизилишинин презентациясына катышышты
БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Л.Чемберлен айымдын чакыруусу боюнча Башкы прокуратуранын кызматкерлери Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргыз Республикасындагы “Бизнес жана адам укуктары” (B+HR) Глобалдык долбоорунун ишке киргизилишинин презентациясына катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар БУУӨПтүн ишкердик иш-аракет жаатындагы колдоосуна сереп салуу, ишкердик иш жана адам укуктары жөнүндө видеофильмдин презентациясы, Кыргыз Республикасындагы компаниялар үчүн адам укуктары жана адам укуктары жаатындагы тийиштүү кыраакылык боюнча БУУнун жетектөөчү принциптери менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Башкы прокуратуранын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун жетекчилиги өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен бизнести, инвестицияларды жана адам укуктарын коргоо жаатындагы келечектүү кызматташуу маселелерин талкуулашты.