Прокуратура: Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголду
Жалал-Абад областынын Ноокен районунун прокуратурасы тарабынан Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнө бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын пайдаланылышынын мыйзамдуулугу текшерүүгө алынды.
Текшерүүдө, райондун билим берүү бөлүмүнүн жооптуу кызмат адамдары тарабынан мыйзам талаптары одоно түрдө бузулуп, 2020-2021-жылдар аралыгында аталган мекеменин бухгалтериясынын кызмат адамдарына иштеген жылдары үчүн үстөк акылары бекитилген кызматтык маянасы менен саналбай, анын ордуна башка кошумчалары менен бирге саналып жана эмгек стажына берилүүчү үстөк акысын көбөйтүү менен негизсиз түрдө жалпысы 214 миң 219 сом акча каражаты мыйзамсыз төлөнүп берилгендиги аныкталып, мамлекетке зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Ноокен райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.