Кенди мыйзамсыз казуу боюнча кылмыш иши козголду
Ош областынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы боюнча пландык текшерүү уюштурулуп, жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталды.
Алсак, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Сары-Таш участкасындагы “С.Г.” ЖЧКна жана “Б.Т.” ЖЧКна, ошондой эле, “Б.Т.” ЖЧКна жана “А.Р.” ЖЧКна сары-таш кенин казып иштетүү максатында берилген жер тилкелердин ортосундагы эч кимдин укугу катталбаган жалпы 0,20 Га жер аянты казылып, аталган жерден сары-таштын катмарынан көлөмү 2600 куб.м түзгөн таш кени кыркылып алынган.
Ошентип, таш кени мыйзамсыз кыркылып алынгандыгынын натыйжасында мамлекетке 13 млн. сомдук зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча Ош областынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодесинин 218-беренеси (“Мыйзамсыз ишкердик”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.