Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Жетектөөчү кызмат орундарына биринчи жолу дайындалган прокуратура органдарынын кызматкерлери квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүштү

2022-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин  кесиптик даярдоо борборунда жетектөөчү кызмат орундарына биринчи жолу дайындалган прокуратура органдарынын кызматкерлеринин квалификацияны жогорулатуу курсу аяктады.

Иш-чарада Борбордун директору А.Молдобаев жана Башкы прокуратуранын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери сөз сүйлөп, баяндама жасашты.

Окутууга райондордун (шаарлардын), горнизондорунун аскер прокуратураларынын   прокурорлору,  областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын жана   адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорунун орун басарлары катышышты.

Окуу программанын алкагында прокурордук көзөмөлдүн бардык багыттары боюнча сабактар өткөрүлдү.

Катышуучулардын негизги көңүлү жарандардын кайрылууларын кароону уюштурууга, коррупцияга каршы аракеттенүүгө, ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу, аша чабууга жана паракорлукка байланышкан кылмыштарды тергөөнүн өзгөчөлүктөрүнө, баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшү тутумунан чыгаруу, пробациялык көзөмөл маселелерине, «Кылмыштардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалымат тутуму менен иштөөнүн негиздерине жана «Укук бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалымат тутумунун практикада колдонулушууна, соттук чечимдердин аткарылышын текшерүүнү уюштурууга жана башка көзөмөл иштин актуалдуу багыттарына бурулду.

Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле мамлекеттик кызматчынын кесиптик этикасынын нормаларын бузууга жол бербөө максатында «Прокуратура кызматкеринин кесиптик этикасы» темасында лекция окулду.

Иш-чаранын соңунда аралык тартибиндеги тестирлөө аркылуу билимди контролдоо жүргүзүлүп, катышуучулар өтүлгөн курсту өздөштүрүү боюнча жакшы жыйынтыктарды көрсөтүштү.