Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Элет элинен кабар алуу. Башкы прокурор Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушту

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык жеринде элдин үнүн угуп, көтөрүлгөн маселелерди чечүү үчүн Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушту. 

Жолугушууда, жарандар тарабынан укук коргоо органдарына тийиштүү маселелер айтылып, алардын көзөмөл органына жазган кайрылуулары жеринде кабыл алынды. Башкы прокурор Курманкул Зулушев жарандардын арыз-кайрылуулары ыкчам жана мыйзам чегинде гана чечилээрин баса белгилеп, ар бир арызды жеке өзү көзөмөлгө алаарын билдирди.

Жолугушууга райондун баардык аймактарынан келген 300гө чукул адам катышты.