Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Башкы прокурор К.Зулушев Ош шаарында эл менен жолугушту

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ош шаарынын тургундары менен жолугушту. 

Жыйынга тармактык министрликтер жана ведомстволордун өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты.

Жолугушууда, жергиликтүү тургундар чечилбей келе жаткан укуктук маселелер, социалдык көйгөйлөр, шаардагы мыйзамсыз иш-аракеттер, укук коргоо органдарына байланыштуу мүчүлүштүктөр тууралуу маселелердин чечилүүсүн сурашты. 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз сөзүндө, жарандардын ар бир кайрылуусу мыйзамдуу чечилээрин, жеке көзөмөлгө алаарын билдирип, прокуратура элдин ишенимин кайтаруу аракетинде экендигин кошумчалады. 

Жолугушууга Ош шаарынын 1000ден ашуун тургуну катышты.