Аскердик бөлүктөрдүн өздүк курамынын арасында өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу, кызмат өтөө жерин мыйзамсыз таштап кетүү жана өзүнө өзү кол салуу сыяктуу маселелерди алдын алуу максатында профилактика иштери жүргүзүлдү
Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Бишкек гарнизонунун аймагында жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамынын арасында аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу, бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетүү, дезертирдик жана өзүнө өзү кол салуу фактыларына жол бербөө максатында профилактикалык иштер жүргүзүлүп, Кыйноолорду жана башка катаал адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун, “Жоокерлер энелери” Республикалык комитетинин, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен анык мөөнөттүү аскер кызматкерлери жана аларга жоопту баардык аскер кызматкерлери менен жекече жана коллективдүү ангемелешүүлөр жүргүзүлдү.
Ошондой эле, аскер кызматчыларына аскердик кызматты өтөө тартиби, аскер кызматчыларынын статусу жана алардын кызмат өтөө менен байланышкан укуктары, милдеттери жана чектөөлөр боюнча мыйзамдардын талаптары жеткирүү боюнча сабактар өткөрүлдү.
Аскердик тартипти жана күжүрмөн даярдыкты камсыз кылуу, аскердик турмуштан өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу, бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетүү, дезертирдик жана өзүнө өзү кол салууга фактыларын жоюу Аскер прокуратурасынын көзөмөлдүк ишинин эн негизги багыттарынын бири болуп саналып, ага өзгөчө көңүл бурулууда.
Ал эми, аскердик башкаруу органдарында жана аскердик мекемелерде кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттер байкалган учурда төмөндөгү телефондорго кайрылууңуздар зарыл:
- Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы – 0 (312) 62-47-39;
- Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы – 0 (312) 56-01-03
- Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы – 0 (3222) 4-25-74;
- Балыкчы гарнизонунун аскер прокуратурасы – 0 (3944) 3-28-03;
- Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы – 0 (3622) 5-12-14;
- Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы – 0 (3722) 2-03-44