Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Прокуратуранын кызматкерлери үчүн прокурорлордун кесиптик этикасынын ченемдерин сактоо маселелери боюнча тренинг өткөрүлдү

2022-жылдын 1-сентябрында 2022-жылга карата түзүлгөн Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кадрларын даярдоонун, кайра даярдоонун  жана квалификациясын жогорулатуунун Окуу-тематикалык планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борбору тарабынан   Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүүлүгү 2-фаза”программасынын колдоосунда “Прокурордун ишмердигинде этика жана коррупцияга каршы талаптар” темасында тренинг өткөрүлдү.

Саламдашуу сөзү менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун директору А.Молдобаев, Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүүлүгү, 2-Фаза” Программасынын эксперти Радост  Тофтисова-Матерон сүйлөштү. 

Тренер катары отставкадагы магистрат, Франциянын ардактуу Башкы прокурору Жан-Мари Юе жана Башкы прокуратуранын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун улук прокурору А. Иманалиевалар чыгышып, теориялык билим интерактивдүү жана практикалык сабактарды өткөрүү менен бекемделди.

Тренингдин максаты прокуратура органдарынын кызматкерлеринде прокурордун кесиптик этикасы жөнүндө, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө билимин түшүнүгүн калыптандыруу, ошондой эле чыр-чатактарды чечүү ыкмалары жөнүндө билим жана көндүмдөр менен камсыз кылуу, прокуратуранын кызматкерлеринде маанилүү адеп-ахлактык сапаттар системасын жаратуу, өз ишинде коррупциялык укук бузууларга жол бербөө болуп саналат.

Тренинг аяктагандан кийин тестирлөө өткөрүлүп, сертификаттар тапшырылды.