Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Башкы прокуратуранын кызматкерлери илимий-практикалык тегерек столго катышышты

Жогорку окуу жайлары менен кызматташуунун алкагында,   Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун кызматкерлери Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин Эл аралык мамилелер жана эл аралык укук институту тарабынан уюштурулган «Кыргыз Республикасында аялдардын укуктарын коргоонун укуктук аспектилери» аттуу илимий-практикалык тегерек столго катышышты.

Саламдашуу сөзү жана баяндама менен Борбордун директору А. Б. Молдобаев жана улук прокурор А.К.Иманалиева чыгып сүйлөштү. 

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасындагы Улуу Британиянын элчиси Ч.Гаррет, КМЮУнун профессордук-окутуучулук курамы, Кыйноолорду алдын алуу боюнча КР Улуттук борборунун, КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Окуу борборунун, «Кыргыз аялдар ассоциациясы» коомдук уюмунун өкүлдөрү жана башкалар катышышты.