Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Таласта жашы жете электер арасында зордук-зомбулукту жана кылмыштуулукту алдын алуу чаралары өткөрүлдү

Талас облусунун прокурору Г.Н.Кашкарованын жетекчилиги астында укук коргоо, саламаттык сактоо, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда жашы жете электердин арасында зордук-зомбулукту жана кылмыштуулукту алдын алуу үчүн, анын ичинде сексуалдык мүнөздөгү зомбулукту токтотууга багытталуучу маалыматтарга балдардын көңүлүн буруу жана аларга жеткирүү максатында, “Келечегиң сенин колуңда” темасында “Капар Медетбеков” атындагы Талас облустук музыкалык-драма театрында жыйын өткөрүлдү.

Жыйында, мектептин окуучуларына баяндамачылар тарабынан, жашы жете электердин жана аларга карата укук бузуулардын, ошондой эле сексуалдык мүнөздөгү зомбулукту алдын алуу боюнча жашы жете электердин арасында өзүнүн укуктарын билүү жана коргоо деңгээлин жогорулатууга, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, укук бузууларды жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды четтетүүгө багытталган баяндамалар окулуп жана социалдык роликтер көрсөтүлүп, түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү.