Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Түп токой чарбасынын жооптуу кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылышты

Түп токой чарбасынын кызмат адамдары тарабынан 2020-2021-жылдар аралыгында токой өстүрүү, өнүктүрүү, сактоо жана коргоо багытындагы кызматтарды аткаруу боюнча жалпы 4 млн 981 миң 300 сом акча каражаттарына конкурс одоно мыйзам бузуу менен жүргүзүлүп, андагы белгиленген кызматтар аткарылбай, акча каражаттарын сиңирип алышкан.

Тергөө учурунда аталган токой чарбанын кызмат адамдары Т.К., Ж.К жана Б.К. шектүү катарында кармалышып, алар Кылмыш-жаза кодексинин  337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен айыптары угузулуп, ээлеген кызматтарынан четтетилген.

Тергөөнүн алкагында мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын              2 млн 690 миң 300 сомдук бөлүгү накталай өндүрүлүп, учурда кылмыш иши сот тарабынан негизинен каралууда.