Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

«Укук бузуулардын бирдиктүү реестри» АМС боюнча окуу-семинары өткөрүлдү

Жалал-Абад областтык прокуратурасы тарабынан областтык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юстиция башкармалыгынын, шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлерине карата иштерди козгоого жана кароого ыйгарым укуктуу органдарынын «Укук бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасынын тийиштүү функциялары боюнча атайын техникалык жабдыктарды колдонуу жана электрондук базасын көрсөтүү менен окуу-семинары өткөрүлдү. 

Мындан сырткары, 2022-жылдын 28-сентябрында Жалал-Абад областынын укук коргоо, фискалдык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда Координациялык кеңешме өткөрүлүп, анда укук бузуулар жөнүндө кодексинин, укук бузуулардын реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө Убактылуу эреженин талаптарынын аткарылышы боюнча абалы каралып, жыйынтыгы менен аталган багытта ишти күчөтүлгөн тартипте алып баруу жагы милдеттендирилди.        

Аталган бөлүм тарабынан 2022-жылдын 8 айына карата жогорудагы кодекстин жана Убактылуу эреженин талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, алардын жыйынтыгы менен 8 сунуштама келтирилип, 8 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке кириптер болушкан (4 сунуш кароо стадиясында).

Жалал-Абад областтык прокуратурасынын сунуштамасынын негизинде Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан 2022-жылдын 2 ай аралыгында мамлекеттин эсебине өндүрүлбөй турган айыптардан 28 927 000 сом акча каражаты өндүрүлгөн.

Бул багытта областтык прокуратура тарабынан шаар райондорго чыгуу менен семинар-окуулары жүргузүлүүдө.