Эл аралык видеоконференцияга катышуу
Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун 19-отурумунун чечимин аткаруунун алкагында, 2022-жылдын 29-июлунда Россия Федерациясынын Прокуратурасынын Университетинин уюштуруусунда ШКУга мүчө-мамлекеттердин прокурордук кызматкерлерди даярдоо боюнча билим берүү мекемелеринин, ошондой прокурорлордун ишин илимий жактан камсыз кылуу жана квалификациясын жогорулатуу менен алектенген прокурордук түзүмдөрдүн видеоконференциясы болуп өттү.
Иш-чаранын максаты: прокуратура кызматкерлерин даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндөгү, анын ичинде адамдарды сатууга каршы күрөшүү жаатындагы негизги маселелер боюнча пикир алмашуу.
Иш-чарага катышкандар: Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурорлордук- тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун директору А.Молдобаев “Кыргыз Республикасынын жаңы кадр саясатынын шартында прокуратура кызматкерлерин кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу” темасында, - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эл аралык укуктук кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Т.Мамыров жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурорлордук- тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун улук прокурору А.Кыдырмышов - “Кыргыз Республикасында адамдарды сатууга жана адамдарды мыйзамсыз алып чыгууга каршы күрөшүүнүн улуттук укуктук жана институционалдык негиздери” темасында баяндама жасашты.
Иш-чаранын соңунда ШКУга мүчө-мамлекеттердин прокурордук кызматкерлерди даярдоо боюнча билим берүү мекемелеринин, ошондой прокурорлордун ишин илимий жактан камсыз кылуу жана квалификациясын жогорулатуу менен алектенген прокурордук түзүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү жыйынтыктоочу протокол кабыл алынды.