Интернеттеги экстремизм: социалдык тармактардын ар бир колдонуучусу эмнелерди билиши керек?
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы экстремисттик материалдарды сактоо жана таратуу үчүн каралган жоопкерчиликти түшүндүрөт Азыркы учурда социалдык тармактар, мессенджерлер жана башка интернет платформалар күнүмдүк жашоонун ажырагыс бөлүгүнө айланды. Ошол эле учурда интернет мейкиндиги экстремисттик идеяларды жайылтуу, жарандарды тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө тартуу жана мыйзамсыз аракеттерге аралаштыруу үчүн да пайдаланылышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жарандардын көңүлүн экстремисттик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоонун зарылдыгына буруп, интернеттеги мындай аракеттер үчүн мыйзамда каралган жоопкерчиликти түшүндүрөт. Кандай аракеттер үчүн жоопкерчилик каралган? Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында экстремисттик мүнөздөгү укук бузуулар жана кылмыштар үчүн административдик да, кылмыш-жаза жоопкерчилиги да каралган. 1. Экстремисттик материалдарды сактоо Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 142-1-беренесине ылайык, адамдын аракеттеринде кылмыштын белгилери болбогон учурда экстремисттик материалдарды сактоо 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет. Буга, атап айтканда, экстремисттик мүнөздөгү видеожазууларды, тексттерди, сүрөттөрдү жана башка маалыматтык материалдарды электрондук түзүлүштөрдө же социалдык тармактардагы аккаунттарда сактоо кириши мүмкүн. Ошол эле учурда мыйзамда мындай материалдарды сактап жүргөндүгү жөнүндө укук коргоо органдарына өз ыктыяры менен билдирген адамды административдик жоопкерчиликтен бошотуу каралган. 2. Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинде экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же жөнөтүү, ошондой эле аларды таратуу максатында сатып алуу же сактоо, экстремисттик уюмдардын символикасын же атрибутикасын пайдалануу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган. Интернет мейкиндигинде мындай аракеттерге тыюу салынган материалдарды жеке баракчаларга жана интернет ресурстарга жарыялоо, башка колдонуучуларга жөнөтүү, топторго жана каналдарга жайгаштыруу, ошондой эле мындай материалдардын көчүрмөлөрүн даярдоо жана таратуу кириши мүмкүн. Аталган аракеттер үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган. Ал эми кылмыштын жоопкерчиликти оорлотуучу белгилери болгон учурда беш жылдан жети жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы колдонулушу мүмкүн. 3. Экстремисттик уюмду түзүү, каржылоо жана анын ишмердүүлүгүнө катышуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесине ылайык, экстремисттик уюмду түзүү жана ага жетекчилик кылуу, аны каржылоо, ошондой эле экстремисттик ишмердүүлүк жүргүзгөндүгүнө байланыштуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими менен жоюлган же ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюмдун ишине катышуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган. Атап айтканда, тыюу салынган уюмдун ишин уюштуруу, анын ишмердүүлүгүн координациялоо, жаңы мүчөлөрдү тартуу, ошондой эле экстремисттик ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн акча каражаттарын жана башка ресурстарды берүү мыйзамсыз аракеттер катары бааланышы мүмкүн. Жасалган кылмыштын мүнөзүнө жана жагдайларына жараша мыйзамда жазанын ар кандай түрлөрү жана өлчөмдөрү, анын ичинде үч жылдан он беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган. 4. Экстремисттик материалдарды кайталап сактоо Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-1-беренесинде экстремисттик материалдарды сактагандыгы үчүн бир жылдын ичинде ушундай эле укук бузуу боюнча административдик жазага тартылган адамдын экстремисттик материалдарды кайрадан сакташы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганын эске алуу зарыл. Мындай аракет үчүн үч жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган. Социалдык тармактардын колдонуучулары эмнелерди билиши керек? Маалымат менен таанышуу, материалдарды сактоо, аларды даярдоо жана таратуу, ошондой эле тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышуу ар башка аракеттер экенин айырмалай билүү зарыл. Интернеттеги жарыяны же видеожазууну көрүү, маалыматты окуу өзүнөн өзү эле адамды жоопкерчиликке тартууга негиз болуп саналбайт. Адамдын конкреттүү аракеттерине тиешелүү укук бузуунун же кылмыштын мыйзамда белгиленген белгилерин эске алуу менен укуктук баа берилет. Ошол эле учурда колдонуучулар шектүү булактардан алынган материалдарга этият мамиле жасап, сот тарабынан экстремисттик же террористтик деп таанылган материалдарды сактабашы, аларга «жакты» белгисин койбошу жана башкаларга жөнөтпөшү, тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышпашы, аларга каржылык же башка колдоо көрсөтпөшү керек. Топтук чаттарга жана мессенджерлерге келип түшкөн материалдарга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Анткени мындай материалдарды башка колдонуучуларга жөнөтүү да укуктук кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Уюмдун же маалыматтык материалдын экстремисттик деп таанылганын кайдан текшерүүгө болот? Маалыматтын ачыктыгын камсыз кылуу жана жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы өзүнүн расмий сайтына сот тарабынан террористтик жана (же) экстремисттик деп таанылып, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюмдардын, ошондой эле сот тарабынан экстремисттик жана (же) террористтик деп таанылган маалыматтык материалдардын толук тизмелерин жайгаштырган. Аталган тизмелер менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий сайтындагы «Ишмердүүлүк» бөлүмүнөн таанышууга болот: https://prokuror.kg/ru/perechen-organizatsiy-i-informatsionnyh-materialov-priznannyh-sudami-terroristicheskimi-i-ekstremistskimi Жарандарга маалыматты, өзгөчө аны сактоодон, жарыялоодон же башка колдонуучуларга жөнөтүүдөн мурда расмий булактар аркылуу текшерүү сунушталат. Мыйзамды билүү — коопсуздуктун кепилдиги Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жарандарды интернет мейкиндигинде тараган маалыматтарга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга, экстремисттик материалдардын жайылышына жана жарандардын тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө тартылышына жол бербөөгө чакырат. Ата-энелерге жашы жете элек балдарынын интернеттеги аракеттерине көңүл буруу, аларга шектүү интернет коомдоштуктарга катышуунун мүмкүн болуучу кесепеттерин жана мыйзам талаптарын сактоонун маанилүүлүгүн түшүндүрүү сунушталат. Эсиңизде болсун: шектүү материалды сактоодон, жарыялоодон же башкаларга жөнөтүүдөн мурда анын укуктук макамын текшериңиз. Мыйзамды сактоо интернеттин ар бир колдонуучусунун жоопкерчиликтүү мамилесинен башталат.
Кененирээк