Бектурганов Малик Маамыталиевич
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, юстициянын генерал-майору
Өмүр баяны
Туулган жылы: 17-декабрь, 1974-жыл
Туулган жери: Фрунзе шаары
Билими
Юриспруденция, Ж.Баласагын атындагы КМУУ
Эмгек жолу
· 1997-1998-жылдары – “Кыргызстан” АКБтын Биринчи май бөлүмүнүн юрист-кеңешчиси, башкы адиси, юристи;
· 1998-жылы – Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун стажер-жардамчысы;
· 1998-1999-жылдары – Бишкек шаарынын Биринчи май районунун прокурорунун стажер-жардамчысы, жардамчысы;
· 1999-2002-жылдары – Бишкек шаарынын прокуратурасынын прокуратура жана ички иштер органдарында тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору;
· 2002-жылы – Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокуратура жана ички иштер органдарында тергөөнү көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору;
· 2002-2003-жылдары – Бишкек шаарынын прокурорунун улук жардамчысынын м.а.;
· 2003-2005-жылдары – Бишкек шаарынын прокуратурасынын кылмыштардын тергөөсүн көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокуратура жана ички иштер органдарында тергөөнү көзөмөлдөө секторунун улук прокурору;
· 2005-2007-жылдары – Бишкек шаарынын прокуратурасынын кылмыштардын тергөөсүн көзөмөлдөө бөлүмүнүн кылмыш иштерди тергөө секторунун башчысы;
· 2007-жылы – Бишкек шаарынын прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү;
· 2007-2011-жылдары – Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун алдында тергөөчү, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү;
· 2011-2013-жылдары – Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жазык-процесстик жана изин суутпай издөө ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы;
· 2013-2015-жылдары – Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөөнү жана изин суутпай издөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы;
· 2018-2021-жылдары – Бишкек шаарынын прокурорунун орун басары;
· 2021-2022-жылдары – Жалал-Абад областынын Жалал-Абад шаарынын прокурору;
· 2022-2024-жылдары – Ош шаарынын прокурору;
· 2024-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары;
· 2026-жылдын 14-февралынан 9-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары;
· 2026-жылдын 9-сентябрынан тартып Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору.
Кабыл алуу графиги
Бейшемби - 16:00-18:00