Жашы жете элек жетим баланын мураска болгон укугу калыбына келтирилди

Талас областык прокуратурасынын көрсөтмөсүнүн негизинде Талас шаардык прокуратурасы тарабынан А.О. аттуу ата-энесинен ажыраган жашы жете элек жетим баланын укугун коргоо максатында “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Талас шаардык филиалында текшерүү жүргүзүлүп төмөнкүлөр аныкталды.
2023-жылдын 23-январында З.К. аттуу жаран “Кадастрдын” кызматкери менен мыйзамдырдын талабын бузуп, Ч.О.нун ооруканада, оор дарт менен жаткан жеринен пайдаланышып, белекке берүү жөнүндөгү келишимге кол койдуруп алышкан. Арадан 2 күн өтүп, Ч.О. ооруканада каза тапкан. Натыйжада маркумдун жалгыз, жашы жете элек кызын бир гана болгон мурасы – батирди З.К.га каттап, ээлеп алышкан. 
Текшерүүнүн жыйынтыгында шаардык прокуратуранын келтирген прокурордук актысы менен маркум Ч.О. менен З.К. ортосундагы белекке берүү жөнүндөгү келишим жокко чыгарылып, жооптуу кызматкер тартиптик чарага тартылды.
Ата-энесинен ажыраган жашы жете элек жетим баланын мураска - батирге болгон укугу толук калыбына келтирилди.