Некролог – Албанов Төлөгөн Усенович

Некролог – Албанов Төлөгөн Усенович

Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары оор жоготууга учурады. Юстициянын полковниги Албанов Төлөгөн Усенович 72 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Төлөгөн Усеновичтин эмгек жолу:

-  1975-1976-ж.ж. – Рыбачье шаардык прокуратурасында стажер-тергөөчү

-  1976-1979-ж.ж. – Рыбачье шаардык прокуратурасынын тергөөчүсү

-  1979-1983-ж.ж. – Ысык-Көл областтык прокуратурасынын улук тергөөчүсү

-  1983-1990-ж.ж. – Рыбачье шаардык сотунун судьясы

-  1990-1992-ж.ж. – Рыбачье шаардык сотунун төрагасы

-  1992-1995-ж.ж. – Ысык-Көл областынын прокурору

-  1995-1998-ж.ж. – Нарын областынын прокурору

-  1998-2000-ж.ж. – Талас областынын прокурору

-  2000-2001-ж.ж. – Бишкек шаарынын прокурору

-  2001-2003-ж.ж. – Ысык-Ата районунун прокурору 

- 2003-2007-ж.ж. – КР адистештирилген прокуратурасында прокурор, улук тергөөчү

- 2007-2013-ж.ж. – Кыргыз транспорттук прокуратурасында улук тергөөчү, прокурордун жардамчысы, прокурордун улук жардамчысы кызматтарын аркалап, ардактуу эс алууга чыккан. 

Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын жалпы кызматкерлери маркумдун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жер жайлуу, топурагы торко болсун.