Рассмотрен вопрос о переводе граждан Кыргызской Республики, осужденных к лишению свободы в Российской Федерации и отбывающих наказание в исправительных учреждениях, в свою страну.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Россиянын абактарындагы Кыргыз жарандарын мамлекетибизге которуу тапшырмасын аткаруунун алкагында, 2023-жылдын 16-17-мартында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары К.Токтакунов жетектеген жана анын курамына Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин өкүлдөрү кирген делегация Москва шаарына иш-сапар менен барып, анда Россия Федерациясынын Юстиция министринин орун басары – статс-катчы А.В.Логинов, Россия Федерациясынын Башкы прокурорунун орун басары П.П.Городов, ошондой эле Россия Федерациясынын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары В.А.Давыдов менен бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрүп келди.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар Россияда жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы кызматташууну талкуулап, Россия Федерациясында эркиндигинен ажыратууга соттолгон жана түзөтүү мекемелеринде жазаларын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын өз өлкөсүнө жакынкы арада которуу маселесин карашты.

Тараптар ведомстволор аралык өз ара кызматташууну бекемдөө жана эки өлкө катышуучу болуп келген «Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду мындан аркы жазасын өтөө үчүн өткөрүп берүү жөнүндөгү» 1998-жылдын 6-мартында кол коюлган Конвенциянын алкагында үстүбүздөгү жылы кыргызстандыктарды өз мекенине которуу боюнча иш-чараларды тездетүүнү макулдашып, бул багытта алгылыктуу жыйынтыктар күтүлүүдө.