Балдардын укуктарын коргоо боюнча Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан бир катар иш-чаралар өткөрүлдү

Балдардын укуктарын коргоо – прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн приоритеттүү багыттарынын бири.

Күчтүү жана өнүккөн мамлекетти куруу өлкөнүн келечеги болгон муундарды дене-бой, акыл-эс, адептик жана руханий жактан коргоо жана өнүгүүсүн камсыз кылууну талап кылат, башкача айтканда балдардын укугун коргоо – мамлекеттин эң башкы милдеттеринин бири.

Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун көрсөтмөсүн аткаруу максатында, райондун прокурору Э.Урдалетова Кара-Суу шаарында жайгашкан орто мектептердин окуучулары жана алардын ата-энелери менен жолугушуу өткөрүп, балдар арасындагы кылмыштуулук, суицид, баңгилик, аракечтик, чылым чегүү жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана болтурбоо маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Ошондой эле, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясында балдарга карата жасалган, балдар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо, укук бузууларды алдын алуу боюнча кеңешмесинин кезексиз отурумунда балдардын укуктарын коргоону жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын катышуусунда каралды. Анда тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан аткарылып жаткан жумуштардын абалы талкууланып, жыйынтыгы менен бул багытта алдыга коюлган иш чаралардын планы бекитилип, тийиштүү прокурордук талаптар коюлуп, тапшырмалар берилди.