Нарын, Ак-Талаа, Жумгал райондук жана Нарын шаардык прокуратуралары аймактардагы мектептерди кыдырып, окуучулар менен баарлашуу иш-чараларын өткөрүүдө

  Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун балдарга карата жасалган жана балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу иштерин күчөтүүгө багытталган кошумча чараларды көрүү тапшырмасына ылайык, Нарын областынын Ак-Талаа, Жумгал, Нарын райондук жана Нарын шаардык прокуратуралары тарабынан аталган аймактардагы мектеп окуучулары жана алардын ата-энелери менен бир катар жолугушуулар өткөрүлдү.

Жолугушууларга жогорку класстардын окуучулары катышып, жаш өспүрүмдөргө укуктук билимин жогорулатуу менен кылмыштуулукту жана укук бузууларды алдын алуу тематикасында, окуучуларга мыйзам бузуу, укук бузуу жана анын жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү, ошондой эле жаш өспүрүмдөр менен суроо-жооп түрүндө ачык айкын талкуулар жүргүзүлүп,  театрлашкан сценкалар коюлуп, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, окуучулар арасында рэкетчилик жана анын кесепеттери боюнча видео-роликтер көрсөтүлдү.

Мектеп окуучулары менен болгон жолугушууларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, тийиштүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери, дин өкүлдөрү, мектеп мугалимдери жана ата-энелер катышты.

Нарын областтык прокуратура органдары тарабынан балдардын укуктарын коргоо, кылмыштуулукту болтурбоо багытында иш-чаралар улантылат.