Башкы прокурор К.Зулушевдин эл менен жолугушуусу Сокулукта уланууда

Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Сокулук районунун тургундары менен жолугушуу өткөрүшүүдө. 

Жыйында, жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер, мыйзамсыз иш-аракеттер, коомчулукта орун алган көйгөйлөр боюнча кайрылышууда.

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, Башкы прокурор Курманкул Зулушев жер-жерлердеги элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алууну улантууда.