Аламүдүн району: Башкы прокурор эл менен жолугушууда
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушууда.
Жыйында, жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнда өз көйгөйлөрүн билдиришүүдө. Башкы прокурор өз сөзүндө, ар бир кайрылуу мыйзам чегинде чечилээрин, жеке өзү көзөмөлгө алаарын билдирди.