Курманкул Зулушев, Бакыт Төрөбаев, Улан Ниязбеков Аксы районунда

Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык жеринде элдин үнүн угуп, көтөрүлгөн маселелерди чечүүгө аракет көрүү үчүн Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков Аксы районунун тургундары менен жолугушту. 

Жолугушууда, жарандар тарабынан түрдүү маселелер айтылып, алардын көзөмөл органына жазган кайрылуулары жеринде кабыл алынды. Жарандардын көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында тийиштүү прокуратура органдарына тапшырмалар берилди.

Жолугушууга райондун баардык аймактарынан келген 400гө чукул адам катышты.