Башкы прокурор Курманкул Зулушев Бакай-Ата, Талас райондорунун жана Талас шаарынын тургундары менен жолугушту

Өлкө башчы С. Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, жарандар менен жеринде жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн чечүү максатын көздөгөн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин эл менен жолугушуулары улантылууда. 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков Бакай-Ата, Талас райондору жана Талас шаарынын тургундары менен жолугушту.

Жыйында, тургундар социалдык көйгөйлөр, коомчулукта орун алган айрым мыйзам бузуучулуктар, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер тууралуу суроолорду беришип, арыз-кайрылууларын узатышты. Тургундардын ар бир кайрылуусу жеринде кабыл алынып, Башкы прокурор ар бир кайрылуу кылдат жана мыйзам чегинде каралаарын белгилеп, ыкчам жана калыс чаралар көрүлөөрүн билдирди.

Жолугушуу Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы музыкалык драма-театрында өтүп, Бакай-Ата, Талас райондорунун жана Талас шаарынын 500гө чукул тургундары катышууда.