Ноокат району: Башкы прокурор К.Зулушев эл көйгөйүн укту

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жарандардын көйгөйлөрү менен жеринде таанышуу жана чечүү максатында Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ош облусуна караштуу Ноокат районунун тургундары менен жолугушту. 

Жыйында, жарандардын жеке укуктук маселелери, коомчулукта орун алган мыйзамсыздыктар, социалдык көйгөйлөр, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан мүчүлүштүктөр тууралуу айтылып, аны менен бирге тургундар тарабынан Башкы прокурордун эл менен жолугушуулары, прокуратура органдары тарабынан жасалып жаткан иштер алкоого алынды. 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз сөзүндө, прокуратура элдин ишенимин кайтаруу аракетинде экендигин, ар бир көтөрүлгөн маселе мыйзам чегинде объективдүү каралып, тийиштүү чечимдер кабыл алынаарын, арыздарды жеке өзү көзөмөлгө алып жаткандыгын билдирди. 

Жолугушууга Ноокат районунун аймактарынан келген 500гө чукул тургундар катышты.