Башкы прокурор Жумгалда
Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков Жумгал районунун тургундары менен жолугушту.
Жеке укуктарынын бузулушу, социалдык-экономикалык көйгөйлөр, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер тууралуу жана акыйкаттык издеген жарандар бир катар суроолорунун узатышып, арыз-кайрылууларын жазышты.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев, эл менен болгон жолугушуулар мамлекет башчынын жеке көзөмөлүндө экендигин баса белгилеп, ар бир кайрылуу ыкчам жана мыйзам чегинде чечилээрин билдирди.
Жолугушууга, район аймактарынан келген 200дөн ашуун тургун катышты.