Элет эли менен жолугушуу: Башкы прокурор К.Зулушев Баткен районунда

Баткен шаарында Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Баткен районунун жашоочулары менен жолугушууда. 

Эл менен болгон жолугушууда укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер, мыйзамсыз иш-аракеттер, коомчулукта орун алган көйгөйлөр тууралуу айтылды. Чечилбей келе жаткан маселеси менен кайрылган жарандардын кайрылуулары жеринде кабыл алынып, тийиштүү башкармалыктарга алардын көйгөйлөрүн ыкчам жана мыйзамдуу чечүү тапшырмасы берилди.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев жарандардын суроолоруна жооп берип жатып, эл менен болгон жолугушуулар Президенттин жеке көзөмөлүндө тургандыгын, ар бир кайрылуу мыйзам чегинде объективдүү каралып, ыкчам түрдө тийиштүү чечимдер кабыл алынаарын билдирди.

Жыйынга Баткен районунун 400дөн ашуун тургуну катышты.

Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров Башкы прокурор менен ички иштер министрин жер-жерлерге чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койгон.