Башкы прокурор К.Зулушев Кочкор районунда эл менен жолугушууда

Мамлекет башчы С. Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, элет эли менен жеринде жолугушуп, көйгөйлөрүн угуп, натыйжалуу чечүү максатын көздөгөн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин эл менен жолугушуулары улантылууда. 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кочкор районунун тургундары менен жолугушту.

Жыйында, тургундар социалдык көйгөйлөр, коомчулукта орун алган айрым мыйзам бузуучулуктар, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер тууралуу суроолорду беришип, арыз-кайрылууларын узатышты. 

Кайрылуулар жеринде кабыл алынып, Башкы прокурор ар бир арыз кылдат жана мыйзам чегинде каралаарын белгилеп, ыкчам жана калыс чаралар көрүлөөрүн билдирди.

Жолугушууга Кочкор районунун 300дөн ашуун тургуну катышты.