Башкы прокурор Курманкул Зулушев Алай районунун тургундары менен жолукту

Мамлекет башчынын тапшырмасына ылайык, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин эл менен болгон жолугушуулары Алай районунда уланды. 

Алай районунун аймактарынан келген тургундар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер, мыйзамсыз иш-аракеттер, коомчулукта орун алган көйгөйлөр тууралуу суроо салышып, чечилбей келе жаткан укуктук маселелерин чечип берүүсүн жетекчилерден сурашты. Жарандардын кайрылуулары жеринде Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын башчылары тарабынан кабыл алынып, кыска аралыкта жана мыйзамдуу чечүү убадасы айтылды.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев жарандардын суроолоруна жооп берип жатып, эл менен болгон жолугушуулар Президенттин жеке көзөмөлүндө тургандыгын, прокуратура элдин ишенимин кайтаруу аракетинде экендигин баса белгилеп, ар бир кайрылуу объективдүү каралып, жоопсуз калбастыгын билдирди.

Жыйынга Алай районунун 400дөн ашуун тургуну катышты.