Ош шаарында ВИЧ инфекциясы менен ооруган жашы жете элек өспүрүм балдар жеке турак жайлуу болушту

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан шаар аймагында ВИЧ инфекциясын жуктуруп жашап жүргөн балдардын укуктарын коргоо боюнча чаралар көрүлдү.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен ВИЧ инфекциясын жуктуруп алган жашы жете элек балдарды турак-жай менен камсыз кылуу максатында, Ош шаарынын мэринин наамына прокурордук сунуш келтирилген.

Сунушту кароонун натыйжасында, шаардык мэриянын токтомунун негизинде ВИЧ инфекциясын жуктурган жашы жете элек 8 балага турак-жай жеке менчигине берилип, ал эми 2 жаш өспүрүмгө турак-жай куруу үчүн жер ажыратылып берилди.